• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарык милициясы Баткен облусунда коомдук коопсуздукту сактоодо

Аймак 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринен түзүлгөн отряд дагы Баткен жергесиндеги тынчтыкты, коомдук коопсуздукту сактоого салымын кошуууда. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар өз карамагына бөлүнгөн аймактагы коомдук коопсуздукту камсыз кылышып, жергиликтүү жарандар менен тыгыз иш алып барышууда.

“Биздин кызматкерлерден турган отрядды жаӊжал болгон жерге ыкчам түрдө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги Акылбек Мамасейитов баштап алып барып, бүгүнкү күндө ошол жерде кызмт өтөөнү улантышууда. Ош шаарынын милиция кызматкерлери жергиликтүү элдер менен жогоруда белгиленгендей бекем байланышты түзүшүп, милициянын көчмө кабылдамасы аркылуу арыз-даттануу жана сунуштарды кабыл алып жатышат. Андан сырткары өздөрүнө бекитилген посттордо жоопкерчилик менен кызмат өтөшүүдө. Баткенде сөзсүз тынчтык орноп, мамлекетибиздеги бул кыйын кезеӊдер дагы артта калат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий