• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын долбоору талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында 2023-2026-жылдарга Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан колдоо программасынын долбоору талкууланды.

Иш-чарага программаны иштеп чыгуу боюнча туруктуу жумушчу топтун мүчөлөрү, тактап айтканда, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, вице-мэр Жасур Азимов, мэрдин кеңешчиси Муктарбек Зулпукаров, "OloloOsh" компаниясынын башкы менеджери Гүлнура Абылкасымова, ошондой эле Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын өкүлдөрү, ОшМУнун профессорлору жана факультеттеринин ректорлору, бизнес-эксперттер, экономисттер, экологдор, илимпоздор кеңешинин мүчөлөрү катышты.

Жыйындын алкагында программанын долбоорунун бет ачары болуп, экономикалык, экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык чөйрөдөгү эксперттер, окумуштуулар тиешелүү сунуштарды жана демилгелерди айтышты.

Программанын долбооруна ылайык 5 негизги багыт тандалып алынган:

- экономикалык саясат;

- шаарды башкаруунун заманбап системасын түзүү;

- шаар куруу жана муниципалдык менчик чөйрөсү;

- коммуналдык чөйрөнүн инфраструктурасын жакшыртуу;

- социалдык чөйрө.

Санариптик технологияларды өнүктүрүүгө көңүл буруу, суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоо системаларын реабилитациялоо, экологиялык көйгөйлөр, атап айтканда, катуу таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү, калк арасында экологиялык маданиятты тарбиялоого көңүл буруу боюнча сунуштар айтылды.

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев белгилегендей, 2023-2026-жылдарга Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан колдоо программасын иштеп чыгууда бардык сунуштар эске алынат.

Пикир

Оставить комментарий