• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча үч айлык жарыяланды

Аймак 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Ош шаарынын аймагында 1-марттан баштап 31-майга чейин жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча үч айлык жарыяланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын алкагында ар жуманын ишемби күндөрү ишембилик өткөрүлүп, айлана-чөйрөнү тазалоо, калаа аймагын иретке келтирүү, бак-дарактарды сырдоо, арыктарды тазалоо иштери жүргүзүлөт.

""2022-жыл Тоолордун экосистеманын коргоо жана климаттык коргоо жылына" ылайык, үч айлыктын алкагында көчөттөрдү отургузуу, аларга кам көрүү, Ошту жашыл шаарга айлантуу багытында да иштер аткарылат", - деп билдиришти мэриянын маалымат кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий