• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарына Беларустун бизнес-делегациясы келди

Коом 0

Бишкек, 15.09.22 /Кабар/. Бүгүн, 15-сентябрда Беларустун вице-премьер-министри Анатолий Сивак баштаган бизнес-делегация Ош шаарына келди. Бул тууралуу мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аларды аэропорттон салтанаттуу тосуп алууга биринчи вице-мэр Марс Исаев, КР экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов, Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрмек Ибраимов, КР президентинин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов, КР Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы М.Апышов, Беларустун Кыргызстандагы элчиси А.Страчко катышты.

Белгилей кетсек, 15-16-сентябрда Ош шаарында “Түштүк Экспо – 2022” Эл аралык универсалдуу көргөзмө-жарманкеси, кыргыз-беларусь бизнес форуму, Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын жыйыны өтөт.

Пикир

Оставить комментарий