• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ош шаарына "Biotrend Energy" компаниясынын адистери келди

Аймак 0

Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрда Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев "Biotrend Energy" компаниясынын адистери менен жолугуп, шаардын инфраструктурасы менен тааныштырды. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган компания менен мэрия "Ош шаарындагы таштандыларды кайра иштетүүчү заводду долбоорлоо жана куруу" меморандумуна августта кол койгон. Анын алкагында "Ош-Тазалык" жана "Ошшаарсууканал" муниципалдык ишканаларында пландалган жана аткарылып жаткан иштерди жеринен көрүштү.

"Biotrend Energy" компаниясы менен шаардыктарды таза суу менен камсыздоо тармагында долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий