• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ош шаарына фармацевттик компания тарабынан жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Ош шаарына фармацевттик компания тарабынан жардам көрсөтүлдү, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-август күнү “Нобель” фармацевттик компаниясынын түштүк региону боюнча менеджери Мээрим Тороева аталган компаниянын атынан медициналык жардам көрсөттү.

Жардамды Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов кабыл алып, ыраазычылыгын билдирди. Жалпысынан 10 пульсоксиметр, 72 медициналык бет калкан жана дары-дармектер Ош шаарынын мэриясына келип түштү.

Карантин учурунда Ош шаарынын мэриясына жугуштуу илдетти жайылтпоо жана алдын алуу иш-аракеттеринде кошкон салымдары үчүн мэрдин атынан Ош шаарынын мэриясынын ыраазычылык каты “Нобель” фармацевттик компания түштүк региону боюнча менеджери Мээрим Тороевага берилди.

Пикир

Оставить комментарий