• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарына көчөлөрдү жууп-тазалай турган техникалар алынат

Аймак 0


Бишкек, 20.11.21. /Кабар/. Кийинки жылы "Ош Тазалык" муниципалдык ишканасына көчөлөрдү өзү шыпырып, жууй турган атайын техникалар сатып алынат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага карата азыртан даярдык көрүлүп, шаар мэри Алмаз Мамбетовдун демилгеси менен вице-мэр Сонунбек Жунусбаев Казакстандын Алматы шаарына барып келди. Мэриянын өкүлү шаар тазалыгын камсыздай турган атайын техникаларды көрүп, тийиштүү адамдар менен сүйлөшүү жүргүздү.

Бул техникаларды алуу менен Ош шаарынын көчөлөрүндө тазалыкты камсыздоого жеңилдик жаралып, көчө шыпырган кызматкерлердин түйшүгү азаят.

Кошумчалай кетсек, вице-мэр Казакстанга болгон сапарында Нур-Султан шаарына да барып, электробустар менен да таанышты. Ош шаарында коомдук транспорттордун жетишсиздигин жоюу жана жүргүнчүлөргө шарт түзүү багытында электробустарды алуу идеясы бар.

Пикир

Оставить комментарий