• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарына караган айылда 1250 метр жол асфальтталып, жарыктандырылды

Аймак 0

Бишкек, 22.10.20. /Кабар/. 21-октябрда Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Мээркан айылында негизги жол асфальтталып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолдун ачылышына шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты. Сарыбашов айылдын тургундары менен баарлашып, аталган аймактык башкармалыкта аткарыла турган иштер көп экенин белгиледи.

«Буга чейин элдик жыйындарда Мээркан айылынын тургундары айылдагы негизги жолдун абалы начар экенин айтып, асфальттап берүү боюнча кайрылышкан. Бүгүнкү күндө 1 250 метр жол толугу менен асфальтталып, тургундарга пайдаланууга берилип жатат. Жолго түнкү жарыктар коюлуп, арык, жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жол да курулуп бүткөрүлдү. Эки жылдын ичинде Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында 5 чакырымга жакын жол асфальтталды. Аталган аймакта мындан сырткары көптөгөн көйгөйлөр бар. Таза суу, бала бакча, жол маселелери. Буга чейин Жапалакта 2 ФАП курулуп пайдаланууга берилсе, учурда 120 орундуу бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Алдыда бул аймакта жасай турган иштер көп», - деди Сарыбашов.

Ошондой эле шаар жетекчиси жолду курган курулуш компаниянын жетекчисине жана куруучуларына Ош шаарынын мэриясынын «Ыраазычылык баракчаларын» тапшырды.

Айта кетсек, жолду асфальттоо ушул жылдын 2-кварталында башталып, жергиликтүү бюджеттен каржыланды. Жолдун узундугу 1 250 метр, туурасы 7 метр.

Жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдун туурасы 2,5 метрди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий