• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарына караштуу Мээркан айылынын жолу асфальтталууда

Аймак 0

Бишкек, 05.09.20. /Кабар/. Ош шаарынын Жапалак айыл аймактык башкармалыгындагы Мээркан айылына барган жолго алгачкы жолу асфальт төшөлүүдө. Асфальттоо иштери менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашов таанышып, жергиликтүүлөр менен жолугушту.

Калаа башчысы шаар четиндеги жолдорго да көңүл бурула баштаганын билдирди.

“Бул айылдын жашоочулары жолдун абалы өтө начар экендигин айтып кайрылышкан. Жалпы узундугу 1 км 100 метрге асфальттоо иштерин пландаган элек. Кошумча 150 метр жол асфальтталып, жалпы 12250 метр жолго асфальт төшөлүүдө. Ар бир кичи районго, шаарга караштуу айылдарга көңүл бурабыз. Шаардыктарга шарт түзүү аракеттерин көрүп жатабыз”, - деди шаар башчысы.

Асфальтталып жаткан жолдун четине туурасы 2,5 метрди түзгөн тротуар курулуп, ирригациялык лотоктор орнотулду.

Мындан тышкары, түнкү жарыктандыруу системасы жакшыртылууда. Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий