• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарына караштуу Мээркан айылынын жолу асфальтталып, көчө жарыктандырылат

Аймак 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Мээркан айылынын жолу асфальтталат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мэриянын маалыматына ылайык, күн мурун, 22-июлда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов аталган айылдын жашоочулары менен жолугушуп, жол оңдоо иштери менен таанышып чыккан.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен узундугу 1,1 чакырым жол асфальтталып, көчө жарыктандырылат. Бүгүнкү күндө ирригациялык лотоктор орнотулуп, жол асфальт төшөөгө даярдалган. Жолдун бир тарабына жөө адамдар басуучу жол да курулмакчы.

Мэр айылдын негизги жолун асфальттоону жана жергиликтүү жашоочулардын суранычы менен айылдагы мектепке баруучу узундугу 150 метр болгон жолду да кошо асфальттоо тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий