• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарына Казакстандан 140 тонна ун жана 350 тонна буудай алынып келди

Аймак 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 18-март күнү Ош шаарына Казакстандан 140 тонна ун жана 350 тонна буудай алынып келди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан билдиришкендей, учурда жүктөр үчүн Казакстандын чек арасы ачык жана ундун баасы көтөрүлөт деп кооптонуунун кереги жок.

"Азыркы тапта "Тулпар" ун комбинатында ун 1350 сомго сатылууда. Ал комбинатта ун жетиштүү. Андан тышкары, жакынкы күндөрү 650 тонна буудай жана 200 тоннага жакын ун келет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий