• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарына коронавируска каршы Pfizer вакцинасынын 3,5 миңден ашуун дозасы жеткирилди

Аймак 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Ош шаарына коронавируска каршы Pfizer вакцинасынын 3 миң 510 дозасы жеткирилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун адистерди окутуу аяктаган, алар Ош шаарындагы 12 ҮМБ калкты эмдөөнү башташкан.

"Каалаган жарандардын баары Pfizer вакцинасын акысыз негизде ала алат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 16-ноябрына карата өлкө боюнча коронавируска каршы жалпы 1 млн 43 миң 888 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 823 миң 787 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий