• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ош шаарына Москвадан 221 кыргызстандык кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 8-июлда Ошко «Москва – Ош» багыты боюнча «S7 Airlines» авиакомпаниясынын чартердик рейси менен 221 кыргызстандык учуп келди. Алардын арасында жашы жете элек балдар да бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Бул рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий