• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарына ТҮРКСОЙ стеласы орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 02.12.19. /Кабар/. Ош шаарынын «Ак ниет» эс алуу багына «Түрк дүйнөсүнүнүн маданий борбору» эл аралык долбоорунун алкагында ТҮРКСОЙ стеласы орнотулду.

Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дюсен Касеинов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Өзбекстан, Азербайджан, Казакстан, Түркменстан, Түркия мамлекеттеринин маданият министрлеринин орун басарлары, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун өкүлдөрү катышты.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Түрк тилдүү мамлекеттердин достугу жана биримдиги дал ушул стела аркылуу түбөлүк сакталып калсын деген ниетте тургузулгандыгын билдирди.

Айта кетсек, «Түрк дүйнөсүнүнүн маданий борбору» эл аралык долбоорунун алкагында ТҮРКСОЙ стеласынын курулушу жергиликтүү бюджеттен каржыланган.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 18-декабрында Түркиянын Кастамону шаарында өткөн ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн Туруктуу Кеңешинин 36-отурумунда байыркы Ош шаары бир добуштан түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий