• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарына тилемчилик кылганы келген чет өлкөлүктөр мекенине кайтышты

Аймак 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Тилемчилик жасоо үчүн Ош шаарына келген чет элдик жарандардын дагы бир тобу өз мекенине кетишти. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан курамында 9 адамдан турган чет өлкөлүк жарандар Ош шаарында тилемчилик жасап жүрүшкөндүгү аныкталган.

Алардын баары коӊшу мамлекеттен келип, учурдагы рамазан айында жарандардын кайрымдуулук жасоо ниети жогору болгон учурдан пайдаланып, тилемчилик жасап жүрүшкөн.

Милиция кызматкерлеринин түшүндүрүү иштеринен соӊ алардын баары өз мекенине кайра кетишти.

Пикир

Оставить комментарий