• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарына Өзбекстандан 10 миң түп павловния көчөтү алып келинди

Аймак 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 21-февралда, Ош шаарына Өзбекстандын Андижан облусунан 10 миң түп павловния көчөтү алып келинди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Андижандын губернаторунун орун басары Азиз Максумов баштаган делегацияны Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев Достук өткөрмө бекетинен тосуп алды.

"Көчөттөр коңшулаш Андижандан экинчи борбор калаага белек катары жөнөтүлгөн. Эки тараптуу мамилелерди бекемдөө максатын көздөгөн бул иштин алкагында делегаттар менен бирге Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, аксакалдар павловния көчөтүнөн отургузушту. Алдыда 10 миң түп көчөт шаар аймагына бир күндө отургузулат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий