• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарына Өзбекстандан 35 автобус келди

Аймак 0

Бишкек, 24.09.22. /Кабар/. Ош шаарына Өзбекстандан 35 автобус келди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаарга Өзбекстандын “SamAuto” заводунан алынып жаткан 50 автобустун 35и келди. Калганы 26-сентябрда келет.

“Учурда Самарканд автомобиль заводунун адистери айдоочуларды даярдоо иштерин жүргүзүүдө. 70 айдоочу окуудан өтүүдө. Жакынкы арада автобустарды линияга чыгаруу пландалууда”, - деп белгилешти мэриядан.

Эскерте кетсек, Ош шаарынын мэриясы, Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду жана "SamAuto" Ош шаарына 50 автобус алып келүү боюнча келишимге кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий