• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарына Өзбекстандан ишкерлер келди

Аймак 0

Бишкек, 24.08.21. /Кабар/. Ош шаарына Өзбекстандан ишкерлер келди, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-августта, Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов Мухтар Умаров баштаган Өзбекстан Республикасынын бизнести өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдүрүн кабыл алды. Анда депутаттар, жеке ишкерлер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү болуп 20га жакын делегат келген.

Ошондой эле жыйынга Кыргызстандагы “Датка Холдинг” корпорациясынын кызматкерлери катышты.

Жолугушуунун алкагында Алмаз Мамбетов ишкерлерге шарт түзүп берүүгө жана кызматташууга Ош шаарынын мэриясы ар дайым кызыкдар экендигин билдирди.

“Бүгүнкү болуп жаткан иш-чара кагаз жүзүндө калбаш керек. Мындан ары тынымсыз бири-бирибиз менен кызматташып, эки мамлекеттин экономикалык багытын жогорулатууга салым кошолу. Реалдуу кадамдарга барып, долбоорлорду ишке ашыралы”, - деди Ош мэринин милдетин аткаруучу.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара КРнын президенти Садыр Жапаровдун инвестиция тартуу боюнча тапшырмасынын алкагында жүрүп жатат.

25-августка чейин Өзбекстан Республикасынын бизнести өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдүрү Ош шаарындагы ишкерлер менен биргеликте бир катар иш-чараларды өткөрүшөт.

Пикир

Оставить комментарий