• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Ош шаарына жана Ош облусуна жеке коргонуучу каражаттар үчүн кошумча 49 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн

Ден соолук 0

Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. Ош шаарына жана Ош облусуна жеке коргонуучу каражаттардын камын түзүү жана сатып алуу үчүн кошумча 49 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражаттар толугу менен өздөштүрүлүп, сатып алуулар жүргүзүлгөн.

2020-жылдын январь айынан тарта азыркы кезге чейин Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Ош шаарына жана Ош облусуна 1 мрлд 304 млн 875,2 миң сом бөлүп берген:

- медициналык кызматкерлердин эмгек акысы жана Социалдык фондго чегерүүлөр - 890 млн 485,2 миң сом (68,2%);
- дары-дармек жана медициналык каражаттарды сатып алууга - 300 млн 43,1 (23,0%);
- коммуналдык кызматтар - 62 млн 636,1 миң (4,8%);
- башка чыгымдар - 51 млн 710,8 миң (4,0%).

Жеке коргонуучу каражаттары 174 млн 918,6 миң сомго сатылып алынган.

2020-жылдын 23-июлуна карата Ош шаарынын жана Ош облусунун саламаттык сактоо уюмдарында медициналык каражаттардын камы бар:

- бир жолку беткаптар - 442 миң 361 даана (4 млн 506,1 миң сом);
- респираторлор - 48 миң 895 даана (5 млн 802,1 миң сом);
- бир жолку коргоочу костюмдары - 46 миң 791 даана (40 млн 544,8 миң сом);
- көп жолку коргоочу костюмдар - 4 миң 714 даана (12 млн 653,4 миң сом);
- бахилалар – 69 миң 971 даана (217,9 миң сом);
- көз айнектер - 9 миң 15 даана (2 млн 96,4 миң сом);
- колкаптар - 761 миң 299 даана (7 млн 38,2 миң сом;
- дезинфекциялык каражаттар - 20 миң 981 (5 млн 522 миң сом).

"Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун консолидацияланган бюджетти аткаруу боюнча Ош аймактык башкармалыгына Ош шаарындагы жана облусундагы 43 саламаттык сактоо уюму кирет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий