• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ош шаарына жылуулук өткөн жылга салыштырмалуу 13 күн эрте берилди

Аймак 0

Бишкек, 06.11.20. /Кабар/. Кечээ, 5-ноябрь күнү Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйыны болуп, 9 айдын жыйынтыгы боюнча сөз болду.

Жыйынды Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев алып барып, күн тартибинде үч маселе каралды:

1. Ош шаарынын социалдык-экономикалык багытынын 9 айлык жыйынтыгы;

2. Ош шаарынын күз-кыш мезгилине даярдыгы;
3. Балдарга карата ырайымсыз мамилени жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жөнүндө.

Ош шаарынын күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча мэриянын шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Раманов маалымат берип, жылуулук мезгили өткөн жылга салыштырмалуу эрте берилгенин кошумчалады.

“Ош шаарынын жылуулук электр борборунда үч даана буу казандардын бир даанасы капиталдык жана эки даанасы кезектеги кароодон өткөрүлүп, жылуулук берүүгө даярдалды. 2020-жылдын 9 айынын ичинде негизги жабдуулар капиталдык жана кезектеги ремонттон өткөрүү жана капиталдык курулуш жана реконструциялоо боюнча 48,4 млн сом акча каражаты каралып, өздөштүрүлдү. 128 п.м эскилиги жеткен кварталдык жана магистралдык жылуулук түтүкчөлөрү алмаштырылып, калыбына келтирүү жумуштары бүткөрүлдү. Ошондой эле узундугу 337,0 кв.м. кварталдык жылуулук түтүктөрүн изоляциялоо жумуштар аткарылды.

Жылуулук электр борбору жалпысынан 38 билим берүү, 12 саламаттыкты сактоо, 5 өнөр-жай, 8 жогорку окуу жайын, 330 көп кабаттуу үйлөрдү жана 198 жеке менчик үйлөрдү ж.б. 316 мекемелерди жылуулук менен камсыздайт.

Мазут даярдоо иштери боюнча 2020-жылдын 1-октябрына карата “Кыргызнефтегаз” ААКы тарабынан түзүлгөн эки тараптуу келишимдердин негизинде көлөмү 19 986 тонна мазут отунун ташылынып келинип, өткөн жылдан калган мазут отунунун калдыгын кошкондо 23042,0 тоннаны түздү. Андан тышкары «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коому менен 5,0 млн. м3 жаратылыш газын алууга келишим түзүлдү.
Жалпы дебитордук карыз 2020-жылдын 1-октябрына карата 34,2 млн. сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 3,3 млн. сомго өскөн.

Ош муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасында бардыгы болуп 84 отканасы бар, алардан 19 откана электр энергиясы, 65 откана көмүр менен жылытылат. Ал эми жылуулук энергиясын жеткирип берүүчү магистралдык жана кварталдык тармактары 67,5 км түзөт. 2020-жылдын 9 айынын ичинде негизги жабдуулар капиталдык жана кезектеги ремонттон өткөрүү үчүн 27,7 млн.сом акча каражаты каралып, өздөштүрүлдү.
Ишкананын 84 откана иштеп, жалпысынан 290 көп кабаттуу үйлөрдү, 35 мектепти, 26 балдар бакчасын, 11 дарылоо мекемесин, 9 жогорку окуу жайын, бардыгы болуп 95 мекемени жана 48 жеке менчик үйлөрдү жылуулук менен камсыз кылууда.

Ош райондук электр тармактар ишканасы, электр энергиясын сатуу мекемеси, муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгы 2020-жылга карата аткарыла турган иштерин толугу менен бүтүп, 9 айдын жыйынтыгын чыгарышты. Ошондой эле айрым аткарылуучу иштер жыл жыйынтыгы менен бүтөт”,-деди У.Раманов.

Жыйындын жүрүшүндө көмүр баасын көтөрбөй кармап туруу, жылуулук, электро энергиясын, көгүлтүр өт берүүнү үзүгүлтүккө учуратпоо тапшырмалары берилди.

Пикир

Оставить комментарий