• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарынан уурдалган автоунааа Ала-Букадан табылды. Шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери 31-март күнү Ала-Бука районунан автоунааны уурдап качкан адамды колго түшүрүштү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 29-мартында Ош шаарынын туругун милицияга арыз менен кайрылып, Күкүм-Бий көчөсүндө токтоп турган "ВАЗ-2107" үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкендигин билдирген.

Аталган факт боюнча издөө иштери башталып, автоунааны уурдоого шектелген жаран Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунан кармалган.

Шектүү 1993-жылы туулган Ош шаарынын К. уулу А. аттуу тургуну болуп чыккан. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми уурдалган унаа ээсине кайтарылып берилген.

Пикир

Оставить комментарий