• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында 1-июлга чейин маданий-массалык иш-чаралар токтотулат

Аймак 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Ош шаарында санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 1-июлга маданий-массалык иш-чаралар токтотулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындан тышкары, бир катар чектөөлөр киргизилди:

1. Коомдук транспорттордо:

-коомдук транспорттордо жүргүнчүлөргө толтурбоо зарылчылыгы жана бет кап кийүү милдеттендирилет;

- санитайзерлер коюлушу шарт;

- аралыктын сакталышы;

- маршруттук каттамдардын айдоочуларында патенттин сөссүз болушу.

Ошондой эле коомдук жайлар жана муниципалдык аймактык башкармалыктарда түшүндүрүү иштери күчөтүлөт. Учурдагы кырдаалга байланыштуу кошумча үч мобилдик топ кызмат кылат. Базарлар жумасына бир жолу жабылып, тийиштүү кызматтар тарабынан залалсыздандыруу иштери жүрөт.

Тойканалардын, ресторан-кафелердин сыйымдүулугу 50 пайыздан ашпашы керек. Той-маарекелер кырдаалга байланыштуу 1-июлга чейин токтотулушу мүмкүн.

Учурда №52 жана №18- мектептерде күндүзгү стационарлар ачылган. Кырдаал курчуса кошумча күнү-түнү иштеген стационарлар ачылат, бул боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатат.

Медицина кызматкерлер үчүн "Умму Мухаммед" медресесинде жана Оштогу Ислам колледжинде обсервация даярдалган.

Пикир

Оставить комментарий