• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында 1-майга карата эмгекчилердин жөө жүрүшү өттү

Аймак 0

Бишкек, 01.05.22./Кабар/. Бүгүн, 1-майда, Ош шаарынын борбордук аянтында эмгекчилердин күнүнүн алкагында шаардык мекеме-ишканалардын эмгек жамааттарынын жүрүшү өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Иш-чарага Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары О.Арстанбеков, Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы М.Айдарбекова, КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, профсоюздардын ветерандары, ар кыл тармактын эмгек сиңирген ишмерлери катышты.

Жүрүшкө саламаттыкты сактоо, билим берүү, коммуналдык чарба, жогорку жана орто атайын окуу жайларынын эмгек жамааттары чыккан.

Пикир

Оставить комментарий