• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында 1 миңден ашык балага майрамдык иш-чаралар уюштурулду

Аймак 0

Ош, 30.07.19 /Кабар/. Ош шаарында "Бактылуу балалык" урааны астында балдар үчүн маданий, оюн-зоок, спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Ал Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун демилгеси жана ЮНИСЕФтин "Балдар менен жаштарга татуу шаар" долбоорунун алкагында уюштурулган.

Өткөн аптада 1 миңден ашык бала музейлерге саякатка барып, суу сүзүү, футбол, спорттук оюндар, концерт жана башка иш-чараларга катышкан.

Майрамдык иш-чаранын алкагында ар түрдүү сынактар өткөрүлүп, балдарга ар кандай даамдар, балмуздак, ширелер таратылган.

Мында иш-чаралар Ош шаарынын ар бир районунда жумасына үч жолу өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий