• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында 10 күндө жол эрежесин бузгандарга 2 миңге жакын протокол толтурулду

Аймак 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Ош шаарында 1-11-апрель күндөрү жол эрежелерин жана башка нормаларды бузган айдоочуларга карата 1 миң 975 протокол толтурулду. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы боюнча Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- мас абалында 3 айдоочу унаа башкарган;

- унаанын алдыңкы терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 11;

- документи жок унаа башкаруу - 29;

- коопсуздук куру жок - 664;

- жол белгилерине баш ийбөө - 652. Ал эми 14 автоунаа айып короосуна киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий