• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында 100 орундуу балдар бакчасынын курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 2-июнда Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда 100 орундуу бала бакчанын курулушуна капсула салынды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, капсула салуу иш-чарасына Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов катышып, шаарда бала бакчалардын санын көбөйтүүгө аракеттер жүрүп жатканын айтты.

Ак-Тилек кичи районуна курула баштаган 100 орундуу балдар бакчасы жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулат. Тендердик баасы 22 млн 520 миң сомду түзүп, курулуш иштерин “Мираж-Профи” ЖЧКсы жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий