• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында 100 түп эмен көчөтү отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Кечээ, 23-мартта Ош облусунун мусулмандар казыяты Ош шаарына караштуу Актилек кичи районунда жолдун жанына 100 дана эмен дарагын отургузушту. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жашылдандыруу иш-чарасына Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, «Ыйман бакыт» коомдук фондунун жетекчиси Талант Алмаматов, аялдар бөлүмүнүн башчысы Жамийла Жапашова жана Ош шаардык жашылдандыруу бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

Эгилген көчөттөрдү карап өстүрүү жана мындан ары чоңойтуп жашылдандыруу иши Ош шаардык жашылдандыруу бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий