• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында 100гө жакын таксистке уруксат кагазы берилди - комендант

Аймак 0

Бишкек, 05.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош шаарында 100гө жакын таксистке уруксат кагазы берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташууга 100гө жакын такси айдоочусу жетиштүү.

"1-майдан тарта 7 тармактын иштөөсүнө уруксат берилген. Алардын бири уюшулган такси кызматы. Такси кызматынан 400дөй өткөрмө кагазы суралса, учурда 100гө жакыны берилди. Буга чейин айтылгандай, таксисттер күнүнө 3 жолу унаасын дезинфекциялап турушу, беткап, колкап кийиши, экиден ашпаган жүргүнчү ташуусу керек", - дейт ал.

Комендант маалымдагандай, Ош шаарында такси кызматынын 4 уюму иштеп жатат.

"Санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбай жатса унаалар айып короого киргизилип жатат. Учурда 6 автоунаа айып аянтчасына киргизилди", - дейт ал.

Эскерте кетсек, 1-майдан баштап Ош шаарында 7 тармактын ишин жандандырууга уруксат берилген.

Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылган.

Пикир

Оставить комментарий