• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында 120 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 15.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 15-сентябрда Ош шаарынын Туран муниципалдык аймактык башкармалыгында курулган 120 орундуу «Аймончок» балдар бакчасынын ачылышы болду. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Бала бакчанын салтанаттуу ачылышына Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кенештин төрагасы Салман Назылбеков, тийиштүү мекемелердин жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Шаар жетекчиси жаңы бала бакчанын ачылышы менен жергиликтүү тургундарды, бөбөктөрдү куттуктап, бакчага акылдуу доскаларды (интерактивдүү доска) белекке берди.

«Ош шаарынын мэриясынын негизги приоритеттүү багыттарынын бири билим берүү мекемелерин көбөйтүү. Баарыңыздарга белгилүү болгондой Ош шаарынын бардык аймагында мектеп да, бала бакча да жетишсиз. Канчалаган жаш бөбөктөрүбүз бала бакчага бара албай жатышат. Ал эми мектептин жетишсиздигинен улам бир класста нормадан ашык окуучу окуп жатат. Бул маселелерди чечүү үчүн биз болгон аракетибизди жумшап, жыл сайын билим берүү мекемелерин куруп, пайдаланууга беришибиз керек», -деди А.Мамбетов.

120 орундуу «Аймончок» балдар бакчасы жергиликтүү казынанын эсебинен курулуп, курулуш иштери «СК-Лидер» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлгөн.

Ош шаарында 45 мамлекеттик, 25 жеке менчик балдар бакчалары өздөрүнүн тарбия-таалим берүү ишмердүлүгүн жүргүзүп жатат, жалпысынан аларга 15 миң 580 бала тартылган. 45 мамлекеттик балдар бакчасында 13 миң 280 бала, 35 жеке менчик балдар бакчаларында 2 миң 300 бала тарбияланат.

Пикир

Оставить комментарий