• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарында 250 карыяга майрамдык сый тамак уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 01.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата Ош шаарында уюштурулган иш-чаралардын алкагында Ош шаарынын жана Ош облусунун карыларына майрамдык сый тамак уюштурулду.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиргендей, иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, Социалдык фонддун Ош шаардык башкармалыгынын башчысы, Ош облусу боюнча координатору Арстанбек Абдуллаев, облустук жана шаардык ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө сый тамак менен кошо концерттик программа тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий