• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында 27 миң 700 үй-бүлө гуманитардык жардам алды - Сарыбашов

Аймак 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Ош шаарында 27 миң 700 үй-бүлө гуманитардык жардам алды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.

Анын айтымында, кампаларда азык-түлүктүн запасы жетиштүү. "Бүгүнкү күндө 27 миң 700 үй-бүлөгө жардам бердик. Жардамдар эл аралык уюм, жеке ишкерлер жана мамлекет тарабынан бирилип жатат. Гумжардамды көзөмөлдөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын чечими менен элге жардам берилүүдө", - дейт ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий