• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында 27 сел, суу ташкындары жүрүүчү кооптуу участкалар бар экендиги аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 13-март /Кабар/. Аба-ырайынын жылышы менен жаз мезгилинде күтүлүүчү өзгөчө кырдаалдардын жана сел, суу ташкындарын алдын алуу максатында. Ош шаарынын аймагында сел, суу ташкындары жүрүүчү кооптуу участкалар жеринде иликтенди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын кызматкерлери жана шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте потенциалдык кооптуу участкаларды жана объекттерди, ошондой эле сел, суу ташкындары жүрүүчү кооптуу участкаларга жеринде иликтөө иштери жүргүзүлдү.

Аталган иш чара Ош шаарынын мэри – Жарандык коргонуу башчысынын буйругунун жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин буйругунун негизинде жүргүзүлгөн.

Калкты жана аймактарды жаратылыш кырсыктарынан коргоо боюнча жергиликтүү бийлик, мекеме ишканалар жана жарандар менен биргеликте иш-чараларды аткарып, жыйынтыгында Ош шаарынын аймагында 63 потенциалдык кооптуу участкалар жана объектилер текшерилип, анын ичинен 27 сел, суу ташкындары жүрүүчү кооптуу участкалар экендиги аныкталды.

Жеринде актылар түзүлүп, тиешелүү кызматтарга калыбына келтирүү, оңдоп түзөө иш-чараларын жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жаз айларында күтүлүүчү сел ташкындарынан алдын алуу максатында КР ӨКМнин башкармалыктардын башчыларына кооптуу участкаларды селден алдын алуу тапшырмасы берилген.

Пикир

Оставить комментарий