• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында 28-октябрдан тарта жылуулук берилет

Аймак 0

Бишкек, 26.10.22. /Кабар/. Ош шаарында 28-октябрдан тарта бардык социалдык объектилерге жана турак жайларга жылуулук берилет. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн Ош шаарынын мэриясында кыш мезгилиндеги жылуулук маселеси боюнча шаардык штабдын жыйыны болуп өттү.

Оштун мэри Алмаз Мамбетов 28-октябрдан баштап бардык социалдык объектилерге жана турак жайларга жылуулук берип баштоо боюнча буйрукка кол койгон.

Маалым болгондой, каттын негизинде бир катар саламаттыкты сактоо мекемелерине (облустук төрөт үйү жана шаардык төрөт үйү) 22-октябрдан баштап, айрым социалдык объектилерге (“Боорукердик” интернаты, №81 “Балапан” балдар бакчасы) 24-октябрдан тарта жылуулук берилген.

МАБ кызматкерлерине тиешелүү кызматтар менен биргеликте жашоочулар арасында үйлөрдүн жылуулук тармактарын текшерип, даярдоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий