Ош шаарында 4-октябрдан тарта эттин баасы арзандайт

Аймак 0

Бишкек, 03.10.19. /Кабар/. Ош шаарында 4-октябрдан тарта эттин баасы арзандайт, - деп кабарлайт Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, Ош шаарынын мэриясында эттин кымбатташы боюнча жыйын болуп өткөн. Ага биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев, вице-мэр Асылбек Топчубаев, монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү, касапчылар, фермерлер жана башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Вице-мэрлер Ош шаарында эттин баасы 360-370 сомго чейин көтөрүлүшү шаардыктардын нааразычылыгын жаратып жатканын айтып, эт саткан ишкерлердин пикирин да угушкан.

“Биз карапайым элдин үнүн биринчи орунга коюшубуз керек. Элде эттин кымбатташы боюнча нааразычылык болуп жатат. Башка район, облустарда эт кымбаттаган жок. Оштогу касапчылар өз билемдик менен бааны көтөрбөшү керек. Баарын көзөмөлгө алабыз”, - деди биринчи вице-мэр Турдуев.

Жыйынтыгында 4-октябрдан тарта Ош шаарында эт 340 сомдон сатыла турган болду.

Пикир

Оставить комментарий