• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында 48 миң 25 үй-бүлө азык-түлүк түрүндө жардам алды

Аймак 0

Бишкек, 06.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош шаарында 48 миң 25 үй-бүлө азык-түлүк түрүндө жардам алды. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Ош шаарык мэриясы тарабынан 1 млн сомдун тегерегинде, өкмөт тарабынан 22 млн сомдой акча каражаты бөлүнгөн.

"Ош шаарында жалпы муктаж болгон 48 миң 25 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлдү. 5 миң үй-бүлөгө да азык-түлүк баштыкчасы даяр болуп калды. Аны бүгүн-эртең таратабыз. Анын аркасынан дагы 5 миң баштыкча даярдалып, таркатылат", - дейт вице-мэр.

Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылган.

Пикир

Оставить комментарий