• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында 5 мектептин курулушу жүрүп жатат - мэрия

Аймак 0

Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 12-ноябрь күнү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаарда курулуп жаткан объектилерди кыдыруу учурунда, республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан мектептердин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Анын негизинде шаар жетекчиси Туран кичи районунун Ирригатор участогунда курулуп жаткан 275 орундуу мектепке барып, андагы куруучулар, жумушчулар менен кыйынчылыктар жана көйгөйлөр жөнүндө маектешкен.

«Бүгүн биз республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан мектептердин курулуш иштери менен жеринде тааныштык. Азыр Ош шаарында 5 мектептин курулушу жүрүп жатат. Өткөн жылдары каражаттын жоктугунан бул мектептердин курулушу токтоп калган. Учурда аталган мектептердин курулушуна каражат бөлүнүп, кийинки жылы бардык 5 мектепти бүткөрүү пландалууда », - деди Сарыбашов.

Ошондой эле, шаар башчысы канализация тармактарында көйгөйлөр жаралган №78 "Ширинтай-Ош" бала бакчасында болгон.

Сарыбашов белгилегендей, шаардын 2021-жылга болгон бюджетине аталган аймакта канализация менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүү боюнча долбоорлор киргизилет. Ошондой эле, узундугу 1,8 чакырым жолду капиталдык ремонттон өткөрүүнү кийинки жылдын планына киргизүү жөнүндө тапшырма берилген.

Андан тышкары, Сарыбашов кийинки жылы бул аймакта дагы 100 орундуу бала бакчанын курулушу башталарын билдирген.

Ош шаарында республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан 5 мектеп:

- Ирригатор участогундагы 275 орундуу мектеп, тендердик баасы 51,4 млн сом;

- Ломоносов атындагы №3 мектептин 500 орундуу кошумча окуу корпусу, тендердик баасы 45 млн сом;

- Курман-Датка МТУнун 222-кварталындагы 275 орундуу мектеп, тендердик баасы 61 млн сом;

- Амир-Тимур кичи районундагы 625 орундуу мектеп, тендердик баасы 147,8 млн сом;

- Нариманов мектебинин жаңы окуу имараты.

Пикир

Оставить комментарий