• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында 5 миң үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Аймак 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 30-апрелде Ош шаарында 5 миң үй-бүлөгө гуманитардык жардам таратылууда. Жардам тизме боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана кырдаалга байланыштуу муктаждыгы бар үй-бүлөлөргө жеткирилүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, азык-түлүк мамлекеттик бюджеттик резервинен Ош шаарына бөлүнгөн каражатка алынып, атайын комиссия көзөмөл кылууда. Комиссиянын курамында укук коргоо органдары, соцкызматкерлер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана мэриянын кызматкерлери бар.

Ош шаарында жалпы 42 миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүктөн жардам көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий