• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында 500 үй-бүлөгө жардам баштыкчалары таратылды

Аймак 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Ош шаарында Рамазан айына карата 500 үй-бүлөгө жардам баштыкчалары таратылды. Бул тууралуу муфтияттын баса сөз кызматы билдирет.

Кайрымдуулук саамалыгынын алкагында Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жарандарды Рамазан айы менен куттуктап, бул айда көптөгөн соопту иштерди аткарууга чакырды.

«Рамазан айында ооз жабуу жана ооз ачуу үчүн бул азык-түлүктөр аз да болсо, жардам болот деген ишеничтебиз. Кайрымдуулук иштерин тез-тез өткөрүүгө аракеттенип, муктаждар үчүн бардык аракеттерди жумшайбыз»,- деди шаар казысы.

Эскерте кетсек, кайрымдуулук иш-чарасын жергиликтүү демөөрчүлөр колдоого алышып, муктаждар үчүн майрамдык маанай тартылууланды.

Пикир

Оставить комментарий