• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында 6 коомдук тамактануу жайы убактылуу жабылды

Аймак 0

Бишкек, 06.08.22 /Кабар/. Ошто Санитардык-эпидемиологиялык станциясы тарабынан жүргүзүлгөн рейдде 6 коомдук танамактануучу жайдын иши убактылуу токтотулуп, жалпы 120 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Ош шаардык Санитардык-эпидемиологиялык станциясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган станция июль айынын башынан тарта шаарынын аймагында коомдук тамактануу жайларында санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталышына карата пландуу рейддерди жүргүзүүдө.

Бир күн мурда жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө санитардык талаптарды бузуу фактылары аныкталган кафе-ресторандарга 5 миңден 13 миң сомго чейин административдик айып салынып, тартип бузуулардын бирдиктүү реестрине катталган. Айып пулдун жалпы суммасы 120 миң сомду түздү.

Мындан тышкары, аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин 6 коомдук тамактануу жайынын иши убактылуу токтотулган. Учурда 5 объектиде мыйзам бузуулар жоюлду. Рейддик иш-чаралар улантылат.

Пикир

Оставить комментарий