• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарында 6-майга карата 50 миңден ашуун үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Ош, 07.05.20. /Кабар/. Ош шаарында 6-майга карата 50 миңден ашуун үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 6-майда калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов шаардагы аз камсыз болгон жана жардамга муктаж жарандарга берилип жаткан азык-түлүк жардамдарынын бөлүштүрүлүшү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышкан.

Мэриядан кошумчалашкандай, муктаж болгондорго мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан азык-түлүк жардамы үйлөргө жеткирилүүдө. Жардамдар аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер, жалгыз бой кары-картаңдар жана өзгөчө абалдын натыйжасында жардамга муктаж болуп жаткандар арасында бөлүштүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий