• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында 60тан ашык спортчу Ак-Буура дарыясынын жээгин тазалашты

Аймак 0

Ош, 08.07.19 /Кабар/. Ишемби, 6-июль күнү жалпы шаардык ишембиликтин алкагында Ош шаарынын Дене тарбия жана спорт шаардык комитетинин кызматкерлери , машыктыруучулар менен спортчулар Ак-Буура дарыясынын жээгин таштандыдан тазалашты.

Тазалоо иштери Нурматов көчөсүндөгү көпүрөдөн баштап борбордук базарга чейин жүргүзүлгөн. Суунун жээги желим идиш, баштык, кагаз, жерге түшкөн жалбырак, куураган бутактардан тазаланган.

Андан тышкары, суу жээктерин тазалоодон кийин спортчулар өздөрүнүн спорт мектептеринин айланасын тазалашкан. Тазалоо иштерине 60тан ашык спортчу катышкан.

Пикир

Оставить комментарий