• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ош шаарында 7 миң жумуш орундуу тигүү фабрикасы курулат

Аймак 0

Бишкек, 22.02.18. /Кабар/. Кечээ, 21-февралда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бир нече мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Ош шаарына текстиль фабрикасын куруу долбоорун ишке ашыруу максатында Кең-Сай айылына барды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын мэриясынын негизги приоритеттүү багыттарынын бири шаардыктарды жумуш орундары менен камсыз кылуу экендигин баса белгиледи.

“Быйыл Өлкө башчысы “Региондорду өнүктүрүү” жылы деп жарыялап, “Жаңы доорго кырк кадам” долбоору кабыл алынды. Анын алкагында жумуш орундары менен камсыз кылуу боюнча иш алып баруу аракетинде инвесторлорду тартып жатабыз. “Кыргыз Текстиль ЛТД” ЖЧКсы тарабынан Ош шаарына текстиль фабрикасын куруу долбоорун ишке ашыруу максатында Кең-Сай массивинен 25 гектар жер бөлүп бердик. Бул кадам келечекте 7 миң жумуш оруну менен шаардыктарды камсыз кылат”,- деди А.Кадырбаев.

Ошондой эле, тигүү фабрикасына кошумча жумушчуларга социалдык объектилер жана жатакана курула тургандыгы пландалууда.

Ага улай, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев тийиштүү жетекчилер менен биргеликте Манас-Ата аймактык кеңешине барып, “ЖБИ-20” өндүрүш ишканасынын куруу пландары менен таанышты.

“ЖБИ-20” өндүрүш ишканасынын жетекчиси Чынгыз Исмаиловдун айтымында ишкана мембрана пакетин жана эт азыктарын кайры иштеп чыгаруучу фабрика болот. Ошондой эле, ишкана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каржылана тургандыгын кошумчалады

Пикир

Оставить комментарий