• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында 7 миң жумуш орундуу тигүү фабрикасынын курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. Ош шаарынын Кең-Сай конушунда текстильдик тигүүчү фабриканын курулуш иштери башталды, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Учурда курулуучу объектин ордун жана жолдорду түздөө, суу, электр энергиясын тартуу иштери жүрүп жатат. Курулуш иштери 3 этапка бөлүнүп жүргүзүлөт. Учурда 50 жумушчу, 10дон ашуун техника иш алып барууда.

ЖЧКнын өкүлдөрү маалымдагандай, курушутун 1-этабынын негизинде 2019-жылдын аягына бир кеңсе бүткөрүлүп, 1000 адамга жумуш берилет.

Айта кетсек, “Кыргыз Текстиль ЛТД” ЖЧКсы тарабынан Ош шаарына текстиль фабрикасын куруу долбоорун ишке ашыруу максатында Кең-Сай массивинен 25 гектар жер бөлүнүп берилген. Келечекте 7 миң жумуш оруну менен шаардыктарды камсыз кылат.

Пикир

Оставить комментарий