• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында 77 жаран обсервацияда болууда - мэр Сарыбашов

Аймак 0

Бишкек, 13.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош шаарында 77 жаран обсервацияда болууда. Бул тууралуу брифингде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.

Анын айтымында, шаарда коронавирусту жалпы 113 жаран жуктурган.

"Бүгүнкү күндө 108 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Учурда 3 жаран дарыланып жатат. Алар жакын арада ооруканадан чыгарылат. Ошондой эле 2 жаран каза болгон. Илдетти 50 медкызматкер жуктурса, алардын 48и айыкты", - дейт ал.

Сарыбашов белгилегендей, Ош шаарындагы обсервацияларда 2 миң 226 орундук даяр турат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1044гө жетти. Алардын ичинен 241и медицина кызматкери. Илдеттен 726 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Эскерте кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт.

Кыргызстанда 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий