• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарында 8,7 миңден ашык окуучу биринчи класска барды

Аймак 0

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. Ош шаарында быйыл 8 миң 720 окуучу биринчи класска барды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-сентябрда Ош шаарындагы бардык мектептерде Билим күнү белгиленип, вице-мэр Сонунбек Жунусбаев №4 мектепте болуп, окуучуларды жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.

“Баарыңыздарды окуу жылынын башталышы менен Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм. Бүгүнкү күндө шаарда мектеп окуучуларынын жалпы саны 85 миңге жакын болсо, анын ичинен 8 720сы 1-класска кабыл алынды. Окуу жылы башталганга чейин бардык мектептерде республикалык, жергиликтүү бюджеттин жана демөөрчүлөрдүн эсебинен тийиштүү оңдоо иштери жүргүзүлдү. Ош шаарынын мэриясы тарабынан мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, мугалимдердин статусун жогорулатуу, мугалимдерге колдоо көрсөтүү боюнча жыл сайын системалуу иш-чаралар жүргүзүлүп келет. Биздин негизги милдетибиз – билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун үстүндө иштөө”, - деп белгиледи С.Жунусбаев.

Белгилей кетсек, учурда Ош шаарында 4 мектептин курулушу жүрүп жатат, анын ичинен бирөө аяктоо алдында турат. Эки мектепке кошумча имарат жана 3 бала бакча курулууда.

Ош шаарында жалпы 53 мектептин баарында Билим күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий