• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарында абал курчуп кетсе коомдук транспорттордун каттамы токтотулат - вице-мэр

Аймак 0

Бишкек, 26.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош шаарында абал курчуп кетсе коомдук транспорттордун каттамы токтотулат. Бул тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарында эки айдан бери өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал жана карантин режими орногон. "Талаптар жеңилдеп келе жатат. Анын катарында коомдук унааларга 25-майдан баштап уруксат берилди. Коомдук транспорттордо 60 пайыз гана жүргүнчү жана шахматтык негизде отургузуу керектелет. Бүгүнкү күндө айдоочуларга милдеттенмелерди берип жатабыз. Тийиштүү кызматтар текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Эгер эпидемиологиялык абал өзгөрө турган болсо коомдук унаалардын иштөөсүн токтотубуз", - деди Ош шаарынын биринчи вице-мэри.

Эскерте кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт. Кыргызстанда 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий