• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында адам сатуунун алдын алуу боюнча тегерек үстөл өттү

Аймак 0

Ош, 06.12.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Бүгүн, 6-декабрда Ош шаарында “Адам сатуунун алдын алуу: мамлекеттик органдардын кызматашуусунун абалы жана перспективасы” аттуу тегерек үстөл болуп өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Бактыбек Каналиев, тийиштүү мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери, коомдук фонддордун өкүлдөрү, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү келип катышып, кулчулукка каршы туруунун жол жоболорун ортого салышты.

Вице-мэр Нурбек Кадыров Ош шаарындагы аймактык кеңештерде, билим берүү мекемелеринде “Адам сатууга каршы 100 күн” улуттук программасынын алкагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын айтып, олуттуу көйгөйдү чечүүдө биргеликте иштер жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Бул иш-чара Тышкы иштер министирлигинин Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы ыйгарым укутуу өкүлчүлүгү, “Эл аралык Коргоосуна көмөктөшүү борбору” коомдук фонду жана Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте өтүп жатат.

Белгилей кетсек, иш-чаранын максаты мамлекеттик органдардын адамдарды сатууга каршы күрөшүү чөйгөсүндөгү ишмердигин жыйынтыктарын көрсөтүү жана аталган чөйрөдө ведомстволор аралык кызматташууну бекемдөө боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болуп эсептелинет.

Айта кетсек, бул иш аракет КРнын Өкмөтүнүн 2017-2020-жылдарга адам сатууга каршы күрөшүү боюнча программасына ылайык ишке ашырылып, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатын камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий