• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарында аялына зомбулук көрсөткөн жаран камалды

Аймак 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Ош шаарында аялына зомбулук көрсөткөн жаран камалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 22-февраль күнү Ош шаарынын 35 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, аны 2022-жылдын 21-февраль күнү күйөөсү мас абалда келип, сөгүп жана анын денесине уруп, жараат келтиргендигин көрсөтүп, күйөөсүнө карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Анын айтымында, мындай зомбулук бир нече ирет буга чейин дагы болуп келген. Арыздануучуга дайындалган соттук-медициналык экспертиза анын 4 кабыргасы жабык сынгандыгы, сол колунун манжасы сынгандыгы тууралуу корутунду чыгарып берген.

Аталган факты боюнча күйөөсүнүн аракетинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери болгондуктан сандуу кылмыш иш козголгон.

Кылмыш иши боюнча тергөөгө тапшырмалар берилип, жабырлануучунун күйөөсүн С.Ч.ны суракка алып келүү көрсөтүлгөн. Бирок ал тергөөгө келбей изин жашырып кеткен.

2022-жылдын 8-март күнү Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ч.С. Ош шаарынын аймагында бекинип жүргөн жеринен кармалып, тергөөгө алынып келинген. Шектүү көрсөтмөсүндө окуя болгон учурларда мас абалда болгонун, жасаган кылмышын толугу менен мойнуна алаарын билдирген. Ал мурда эки жолу сот жоопкерчилигине тартылган.

"Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы 41 жаштагы С.Ч.нын аялына зомбулук көрсөткөндүгү үчүн убактылуу кармоочу жайга киргизди. Тергөө иши аягына чыгарылып, сотко жөнөтүлөт. Ар-намысын жоготуп, аялзатына кол көргөн эркектер мындан ары дагы мыйзам чегинде жоопко тартылат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий