• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарында айрым маршруттук каттамдардын линиялары өзгөрдү

Аймак 0

Бишкек, 24.05.18. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жүргүнчүлүк автоунаалардын ишин уюштуруу жана көзөмөлдөө комиссиясынын 2018-жылдын 14-майындагы отрумунун №13 протоколунун чечиминин негизинде төмөндөгү шаардык айрым кичи автобус каттамдарынын жүрүү схемаларына 28-майдан тарта өзгөртүүлөр киргизиле тургандыгын маалымдайт:

-№141- маршруттук каттамынын жүрүү схемасы Амир-Темур кичи шаарчасынан келип, Ж.Райымбеков (Борбордук базар) көчөсү менен Кара-Суу көчөсү аркылуу Монуев көчөсүнө Амир-Темур кичи шаарчасына бет алат.

-№142- маршруттук каттамынын жүрүүсү Аэропорттон Курманжан-Датка көчөсү аркылуу Ломоносов көчөсүнө кайрылып, (Борбордук Стадион) Ленин көчөсү менен кайра Аэропортту көздөй бара турган болуп өзгөрөт.

-№107- маршруттук каттамы мындан ары Достук чегарасына барбайт, акыркы аялдама Авиашаарча болуп өзгөрөт.

Пикир

Оставить комментарий