• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында айрым жетекчилер алмашты

Аймак 0

Бишкек, 31-март /Кабар/. Бул туурасында бүгүн, 31-март күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мэриянын кеңейтилген аппараттык кеңешмесинде тааныштырды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарынын мэриясынын аймактык кеңештердин иши боюнча бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу болуп Султанов Бердикул Козуевич дайындалды. Ал №7 “Алымбек Датка” аймактык кеңешинин төрагасы болуп иштеп турган.

Ошондой эле, КРнын Өкмөтүнө караштуу Салык кызматынын Түштүк аймактар боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Нурматов Бакыт Момунович болду. Буга чейин Б.Нурматов КРнын Өкмөтүнө караштуу Салык кызматынын Ош шаардык башкармалыгынын башчысынын орун басары болгон.

Пикир

Оставить комментарий